Coat_of_arms_of_Kyzyl-Kiya-1 (1)

2023-жылдын отчёту

БАТКЕН ОБЛУСУНУН КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН 2023-ЖЫЛ ИЧИНДЕ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  8-сентябрындагы «2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏнʏн болжолу жɵнʏндɵгʏ” №454 токтомун аткаруу максатында, 2023-жылдын январь-декабрь айларында экономиклык ɵнүгүү тармагында бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер жүргүзүлдү.

               Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн анализи көрсөткөндөй 2023-жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүруү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылды.

2022-жыл ичинде ѳндүрүлгѳн өнөр-жай продукцияларынын  көлөмү 622,0 млн.сом болсо, ал эми 2023-жыл ичинде 762,0 млн. сомду түзүп, өсүү ыргагы 122,5% түздү.

          Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы кичи жана орто бизнестин субъекттери өткөн жылдарга салыштырмалуу ɵсүү ыргагы жогорулоодо. 2023-жыл ичинде алардын эсебинен 253,4 млн. сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу  өсүү көлөмү 36,1 млн. сомго кɵп, же болбосом ɵсүү темпи 116,6% түзгөн.

2023-жыл ичинде капиталдык салымдардын көлөмү 304,6 млн. сомду түздү. Анын ичинен жеке ишкерлер 187,6 млн. сом, мекеме ишканалардын каражаттары 117,0 млн. сомду  түздү.

Кызыл-Кыя шаарынын аймагында турак-жай имараттарын курулушу боюнча 2023-жыл ичинде жалпы 86 батир курулуп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 101,2% аткарылган. Курулган турак-жай имараттарынын жалпы аянты 9861 кв.м түзүп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 2291 кв.м аз аянтты түзүп, 81,1% түзүүдɵ. Андыктан, турак-жай имараттарын куруу кɵрсɵткүчү боюнча батирлердин саны боюнча ɵсүү ыргагы аткарылып, батирлердин аянты боюнча кɵрсɵткүч 100% чыкпай калган.

                                                            САЛЫК ТОПТООНУН АБАЛЫ 

2023-жылга карата план 490,3 млн сом берилген болсо, факт боюнча 501,7 млн сом жыйналып, 102,3% аткарылды, ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 206,5 млн сом ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы 170,0 % түздү.   

Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча 2023-жылдын 12   айына карата план 301,1 млн сом берилип, факт 301,8 млн сом жыйналып, 100,0% аткарылган (маалымат болжолдуу, такталууда).  

          ϴткɵн жылдын 12 айына карата салыштырмалуу өсүү ыргагы 270,7% түздү, же болбосом бюджетке 190,3 млн сом ашыкча салык жыйналды.      

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча

2023-жылдын 12 айына карата план 188,4 млн. сом берилген болсо,  факт боюнча жергилкитүү бюджет казынасына 199,9 млн сом салык жыйналып, 106,1 % аткарылды. План 11,5 млн сомго ашыкча жыйналып, ϴткɵн жылга салыштырмалуу  ɵсүү ыргагы 108,8 % түздү.

 

Социалдык төлөмдөр боюнча 2023-жылдын 12 айына карата план 410,4 млн сом берилген болсо, факт боюнча 412,8 млн сом жыйналып, 100,6% аткарылган. Өткөн жылдын ушул езгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 122,7 %түздү.  

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашы бөлүгүнүн аткарылышы:

Кызыл-Кыя шаары боюнча киреше бюджеттин планы 224,1 млн сомго бекитилип, факт түрүндө 236,8 млн сом жыйналып, 105,7% аткарылган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8 млн сомго кɵп жыйналган. өсүү ыргагы 114,8% түздү.

Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 260,9 млн сом бекитилип, факт боюнча 256,9 млн. сомду түзүп, 98,5% түздү. (жергиликтүү бюджеттин чыгаша бɵлүгүнүн толук аткарылбай калгандыгынын себеби, “Караван” АБна караштуу Усенбаев-Алимбаев кɵчɵлɵрүн асфальт тɵшɵɵ жумуштарына 24.12.2023ж. акча каражатын бɵлүп берүү чечими кабыл алынып, тендер ɵткɵрүлүп, келишим түзүлгɵн, жыл аяктап калганына байланыштуу иш толук бүтпɵй калган).

                                                             ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ  
Шаардагы экономика жана социалдык чɵйрɵгɵ түз чет элдик инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча бир топ иштер аткарылды. 2022-жылдын 12 ай ичинде шаарыбызга 498,2 млн. сомдук инвестициялар тартылган болсо, 2023-жылдын 12 айында 664,7 млн. сомдук инвестициялар тартылды.

          Түрткү берүүчү гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин салым кошуу аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 6 долбоор сунушталып, жактырылып, аткарууга алынды:   

  • Кызыл-Кыя шаарынын М.Горький көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен — 2,4 млн. сом; Жергиликтүү бюджет эсебинен – 1,6 млн. сом акча;    
  • Кызыл-Кыя шаарынын Школьная көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 2,3 млн. сом; Жергиликтүү бюджетин эсебинен – 1,3 млн. сом;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Токтогул атындагы көчөсүнүн асфальтын капиталдык оңдоо. Дем берүүчү үлүштүк грант эсебинен – 2,3 млн. сом; Жергиликтүү бюджетин эсебинен – 1,5 млн. сом;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылынын А.Ысманов көчөсүдөн МТФ участкасына суу түтүктөрүн кайрадан жаңылоо – ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 2,0 млн сом; ал эми жергилктʏʏ бюджет эсебинен – 1,2 млн сом;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Беш-Капа участкасыдан Ак-Булак айылынын Күнгөй жаңы конушуна суу түтүктөрүн куруу– ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 2,0 млн сом; ал эми жергилктʏʏ бюджет эсебинен – 1,2 млн сом;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү ден-соолукту чыңдоо жана спорт комплексинин жанына жеңил типтеги тамактануучу ашкана куруу– ʏлʏштʏк дем берʏʏчʏ грант эсебинен – 2,5 млн сом; ал эми жергиликтʏʏ бюджет эсебинен – 1,2 млн сом.

          Жалпы 6 долбоорго 21,4 млн сом акча каражаты жумшалып, анын ичинен үлүштүк дем берүүчү грант эсебинен 13,3 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджет эсебинен 8,1 млн сом акча каражаты жумшалды.   

 

ЖАҢЫ ИШКАНАЛАРДЫ АЧУУ   2023-жыл ичинде шаардык мэриянын колдоосу менен жеке ишкерлер аркылуу 38 кичи жана орто бизнес тармагында кызмат кɵрсɵтүү, ɵндүрүш обьекттери ачылып, 506 жумуш орундары түзүлдү.

          Ал эми, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жалпы шаар аймагында жарандарды жумуш менен камсыздоо максатында 1051 жаран жумуш менен камсыздалган. ϴткɵн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу ɵсүү темпи 108% түзгɵн.       

“БАТКЕН ОБЛУСУН 2021-2035-ЖЫЛДАРЫ ƟНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ”  ЖОЛ  КАРТАСЫНЫН  АТКАРЫЛЫШЫ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын   1-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы №159 КПΥ “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары ɵнʏктʏрʏʏ программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна ылайык, 2022-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан долбоорлор сунушталып, ʏч долбоор бекитилген.

Атап айтканда:

  • Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда “Дʏң соода комплексин” куруу;
  • “Декоративдүү гүлдөрдү жана бактарды өстүрүү үчүн күнөскана куруу”;
  • “Кагаз баштыктарын жана каптарды чыгаруу” цехин куруу долбоору.

          Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Баткен облусун 2021-2035-жылдары ɵнʏктʏрʏʏ программасын” алкагында бɵлүнгɵн 500,0 млн сом ичинен, Кызыл-Кыя шаарына 50,0 млн сом акча каражаты бɵлүнүп, курулуш иштери аткарылууда.   

Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларын финансылык лизинг аркылуу сатып алуу долбоору

 

          Кыргыз Республикасы менен ϴзбек Республикасынын ортосунда кызматташуу иш-чаралар планын ишке ашыруу Жол картасынын алкагында шаар аймагындагы калктуу конуштарга коомдук транспорт каттамдарын жʏргʏзʏʏ менен шаарбызыдын социалдык кɵйгɵйлʏʏ маселелерин чечʏʏ максатында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунан 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларын финансылык лизинг аркылуу сатып алынды.    

                                                                                    ЭНЕРГЕТИКА   

        Электр энергиясын пайдалануусу 2023-жылдын январь-декабрь айында план 144579,7 млн. кВт. саат берилип, факт боюнча 139769,7 млн кВт.саат коротулган. — 4810 млн. кВт. саат аз сарпталган.

        Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жана шаар калкынын элтроэнергиясынан дебитордук карыздары жок.

        2023-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен дебитордук карыздар 1344,0 миң сомго кыскартылган.

        2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча электротармактарынын катардагы оңдоолордон ɵткɵрүү:

         6-10кВ аба чубалгылары боюнча 84,755 км аралыктагы оңдоп түзɵɵ үчүн 493,38 миң сом акча каражаты каралып, 85,325 км аралыктагы аба чубалгыларына 502,71 миң сом акча каражаты сарпталып, оңдоп түзөөдөн өткɵрүлгɵн.

          0,4кВ аба чубалгыларын катардагы оңдоолордон өткөрүү үчүн 323,16 км га 2108,99 миң сом акча каражаты каралып, жалпы 325,3 км аба чубалгылары 1902,5 миң сомго аба чубалгылары ондолду. 101% жумуш аткарылган.

        Ошондой эле, 6-10-04кВ трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо үчүн 146 даана пландалып, 929,614 миң сом акча каражаты жумшалып, кɵмɵк чордондору толук оңдоодон ɵткɵрүлдү.

 

        2023-жылдын 12 айында жыйынтыгы боюнча электротармактарынын капиталдык оңдоолордон ɵткɵрүү үчүн:

         6-10кВ аба чубалгылары боюнча жалпы 27,91 км аралыктагы аба чубалгыларына 717,37 миң сом акча каражаты жумшалып, капиталдык оңдоолордон ɵткɵрүлдү. 100% жумуштар жасалды.

          6-10-04кВ трансформатордук көмөк чордондорду капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 32 даана пландаштырылып 1078,0 миң сом каралып, 873,5 миң сом сарпталып, жалпы 100% жумуштар жасалган.

           2023-жылдын 12 айында 6-10 кВ боюнча өчүрүүлөр саны 30 түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 7 ге же болбосом 23% азайган.

          Бүгүнкү күндө, CASA-1000 долбоору боюнча Ынтымак айыл өкмөтүндө, Челекчи жана Ынтымак айылдарында, ал эми Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи району, Машзавод участкасы, Кирова көчөсүндө электр мамычаларын орнотуу боюнча жана электр аба чубалгаларын жаңылоо боюнча жумуштар толугу менен аткарылып, электр энергияга туташтыруу алдында турат.

         2023-жылдын жылдык капиталдык курулуштар иш-планына киргизилген Кызыл-Кыя шаарынын Ынтымак (Дробилка) көчөсүндө кубаттуулугу 20кВА болгон кошумча көмөк чордону жана 1,5 км 6-0,4 кВ аба чубалгылары тартылды.

         Ошондой эле,  Кызыл-Кыя шаарынын Краснопартизанская көчөсүнө кубаттуулугу 250 кВА көмөк чордону 0,5 км аба чубалгыларын тартуу иштери аткарылды.    

        CASA-1000 долбоору аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылы толугу менен электр мамычаларын орнотуу боюнча жана электр аба чубалгыларын жаңылоо боюнча жумуштар толугу менен аткарылды. Жалпы суммасы 3,2 млн сомду түздү.   

 

Жол тармагы, шаардын кɵчɵлɵрʏнɵ шагал тɵшɵɵ, арык каналдарды тазалоо жумуштары   

          2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджет эсебинен муниципалдык менчик департаменти тарабынан шаар аймагындагы ички жолдорду капиталдык оңдоо боюнча тɵмɵнкү иш-чаралар аткарылды:

  • Киргизская кɵчɵсүнүн 2640м450м аралыгын асфальттоо жумуштары аткарылып – 3,3 млн сом акча каражаты жумшалды;
  • “Таштемир ажы” базарынын ылдый жагындагы 2386м400м аралыктагы жолго асфальт тɵшɵɵ жумуштары аткарылып – 2,8 млн сом акча каражаты жумшалган;   
  • Шаар ичиндеги 775м2 асфальт жолдордогу чуңкурларды оңдоо жумуштары аткарылып – 0,9 млн сом жумшалды.
  • Токтогул кɵчɵсүндɵгү 3300м395м аралыгындагы жол капиталдык оңдоодон ɵткɵрүлүп, асфальт тɵшɵлүп – 4,0 млн сом акча каражаты жумшалды;
  • Маяковский-Масалиев-Жусубалиев кɵчɵсүнɵ чейинки 6314м2437м аралыктагы жол асфальттоо жумуштары аткарылып – 5,9 млн сом акча каражаты жумшалды;
  • Калкка коммуналдык чарба тармагындагы кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү сапаттуу аткарылуусун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 4 биридик атайын техникалары сатып алынды – 12,5 млн сом акча каражаты жумшалды.

          Ошондой эле,  шаар ичиндеги көчөлөрүнɵ 2168 мшагал ташылып, 1080 м3 топурак ташылып чыгарылды,  480 метр  аралыктагы арыктар, 680 метр аралыктагы темир-бетон лотоктор жана сел өтүүчү каналдары тазаланды.

                                              АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАРЫН САТЫП АЛУУ

          Калкка коммуналдык чарба тармагындагы кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү сапаттуу аткарылуусун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 4 биридик атайын техникалары сатып алынды – 12,5 млн сом акча каражаты жумшалды. 

          КР ϴКМ тарабынан Кызыл-Кыя шаары боюнча ɵзгɵчɵ кырдаалдар бɵлүмүнɵ 3 даана атайын техникалары берилип, ϴКБүнүн техникалык базасы чыңдалды.  

          Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу фронталдык погрузчик атайын техникасын сатып алынды, жалпы наркы 2,3 млн сомду түздү. 

                                 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕРДИ КУРУУ, ОҢДОО ЖУМУШТАРЫ

          2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджет эсебинен шаар аймагындагы социалдык объекттреди куруу, оңдоо багытында тɵмɵнкү жумуштар аткарылды:

  • Араб инвесторлорунун «Ас Сафа» коомдук фонду тарабынан каржыланып, Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы психионаркология бөлүмүнүн ордуна жаңы типтеги 3 кабаттуу «Психиатриялык жана неврология клиникасы» курулуш иштери жүргүзүлүүдɵ. Капиталдык салымы 80,0 млн сомду түзүүдɵ. Жергиликтүү бюджет эсебинен 4,5 млн сом акча каражаты жумшалды;      
  • “Машзавод” участогунун “Машзавод” комплексинин ички электр жабдууларын орнотуу жана электр жабдуулары үчүн чатыры бар котельный орнотуу жумуштары – 0,8 млн сом акча каражаты жумшалды;  
  • 15-кичи районундагы спорт залынын курулуш иштери бүткɵрүлүп, ɵрткɵ каршы 50м3 суу кампасы курулуп, кондиционер сатып алынып, орнотулду – 0,9 млн сом;
  • Муниципалдык менчик департаментинин гаражына навес куруу жумуштары – 1,8 млн сом;
  • Кыргызстандын 60 жылдыгы кɵчɵсүндɵгү скверди оңдоп, кɵрктɵндүрүү жумуштары — 1,3 млн сом.  
  • Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов кɵчɵсүнɵ велодорожка куруу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражаты бɵлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлдү;
  • Кызыл-Кыя шаарынын «Вотсок-2» участогуна жашоочулар эс алуу үчүн сквер аллеясын куруу – 4,7 млн сом;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук Т.Кулатов атындагы стадионунун дарбазасы жана эс алуучу парк зонасы капиталдык оңдоодон ɵткɵрүлүп, демɵɵрчүлɵр тарабынан 3,0 млн сом жана Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу – 2,0 млн сом, жана жергиликтүү бюджет эсебинен 3,2 млн сом бɵлүндү;
  • Восток-2 жаны конушунда курулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үйлɵрүнүн айланасын тосуу – 1,5 млн сом.  
                             ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БАГЫТЫНДА АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР

 

          Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев кɵчɵсүндɵгү сел сууларын ɵткɵрүүчү лотокторду куруу (Маяковская кɵчɵсүнɵн Газпромго чейин) жумуштары аткарылып, жергиликтүү бюджет эсебинен – 3,2 млн сом жумшалды; 

          ϴрткɵ каршы 50 м3 суу кампасы курулуп, жергиликтүү бюджет эсебинен 0,7 млн сом акча каражаты жумшалды.   

          Кызыл-Кыя шаарынын аймагында коопсуздуктарды алдын алуу үчүн, Кара-Козу участкасындагы Жал-Сай сел өтүүчү сайдын 35 метр аралыктагы, темир-бетон тосмо (порог) менен бекемдөө жумуштары мерчемделди.

                                                КАЛКТЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО

«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемеси боюнча “Исфайрам” участкасында эки трансформатор, бир генератор жана суу пайдалануучу 4 насос  бар, кубаттуулугу 145 киловаттык,  600-620 куб суу саатына келʏʏдɵ.

“Кулуштан” участкасында 7 трансформатор 9 скважина бар, анын ичинен 7 скважина иштеп 350-400 куб суу саатына келʏʏдɵ.

“Так-Тек” участкасында 5 скважина бар, анын 2сʏ иштеп, саатына 120 куб суу келʏʏдɵ. Шаар аймагында жалпысынан 384км суу куурлары жайгашкан жана 24 км сыркынды суу куурлары жайгашкан.

Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыздоо максатында тɵмɵнкү жумуштар аткарууга алынды:

  • Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы 130 метр аралыктагы жараксыз болгон суу куурлары алмаштырылды;
  • Восток-1 кичи районунда 120 метр аралыкка жаңыдан суу түтүктɵрү орнотулуп, таза ичүүчү суу берилди;
  • Стахановская кɵчɵсүнɵ 640 м аралыкка сыркынды суунун куурлары тартылып коюлду.
  • Исфайрам Кызыл-Кыя водоводундагы жараксыз абалга келген Д-500 мм болгон 13 метр аралыктагы суу кууру алмаштырылып коюлду.
  • Кулуштан участкасында 610, 612 Лимонадный скважиналарын жана Так-Тек участкасындагы 1Э жана 2Э скважиналарынын насостору алмаштырылып коюлду.
  • Кулуштан участкасына 250м аралыкка опоралар коюлуп, электр линиясы тартылып, бир скважинага трансформатор жана насос орнотулуп, суунун кɵлɵмү кɵбɵйтүлдү.
  • Караван айылындагы скважинанын насосу алмаштырылып коюлду.
  • Едренкина кɵчɵсүнɵ 130 метр аралыкка диаметри 50 мм болгон полиэтилендик суу куурлары тартылып 17 үйгɵ суу эсетегич орнотулуп, үйлɵргɵ суу киргизилди.
  • Калинина кɵчɵсүнɵ 530 метр аралыкка диаметри 63 мм болгон полиэтилендин суу куурлары тартылып 57 үйгɵ суу эсетегич орнотулуп, үйлɵргɵ суу киргизилди.
  • Пушкин жана Дехканская кɵчɵсүнɵ 650 метр аралыкка диаметри 63 мм болгон полиэтилендин суу куурлары тартылып 125 үйгɵ суу эсептегич орнотулуп, үйлɵргɵ суу киргизилди.    
  • Привокзальная кɵчɵсүнɵ 300 метр аралыкка диаметри 63 мм болгон полиэтилендин суу куурлары тартылып 37 үйгɵ суу эсептегич орнотулуп, үйлɵргɵ суу киргизилди.
  • Кулуштан участкасындагы кɵчɵлɵргɵ 900 метр аралыкка диаметри 63 мм болгон полиэтилендин суу куурлары тартылып 97 үйгɵ суу эсептегич орнотулуп, үйлɵргɵ суу киргизилди.
  • Ак-Булак айылынын Механизатосркая, Молодая Гвардия кɵчɵлɵрүндɵгү 95 үйгɵ суу эсептегичтери орнотулуп, суу киргизилди.
  • Сухаана жана Кувасайская көчөлөрүнө суу эсептегичтер орнотудуп 135 үйгө суу түтүктөрү туташтырылып, суу берилди.
  • 15-кичи районуна 700 метр аралыкка диаметри 76 мм суу куурлары алмаштырылып, 76 үйгɵ суу эсептегичтери орнотулду.
  • Сухой-Сай жаңы конушуна 120 метр аралыкка диаметри 50 мм суу куурлары тартылып, 15 үйгɵ суу киргизилди.
  • А.Масалиев, Кыргызстанды 60 жылдыгы, Молодёжная, Хрипченко, Загородная жана Ташболотов көчөлөрүндө таза суу түтүктөрү өткөрүлгөн жерлерине асфальт төшөлдү.
  • “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин авто унаа короосу жана Маяковская көсчөсүнө чыгуучу узуну 56 метр, туурасы 3,5 метр болгон жолго асфальт төшөлдү.    

          Жогоруда аталган иш-чараларды аткарууда жалпы суммасы 12,3 млн  сом акча каражаты жумшалды.    

 

          Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылган жумуштар:
  • Советская жана Комсомольская кɵчɵлɵрүндɵгү орнотулган сыркынды куурларына кошумча 400 м аралыкка диаметри 200 мм сыркынды куурлары орнотулду. Жалпы суммасы 2,9 млн сомду түздү;
  • Кулуштан участкасындагы 1,8 км аралыктагы диаметри 315 мм болгон суу куурлары алмаштырылып, полиэтилен диаметри 315 мм суу куурлары коюлду — жалпы суммасы 6,9 млн сомду түздү.
  • Долбоор аркылуу Северный кɵчɵсүндɵгү диаметри 63 мм болгон 1500 метр суу куурлары жаңыдан орнотулду. Жалпы суммасы 1,2 млн сомду түздү.
  • “Восток 2-1” конушун таза суу куурларын куруу үчүн – 2,9 млн сом акча каражаты жумшалды.
  • Ударник көчөсүндө 1200 метр аралыктагы суу куурлары алмаштырылууда — жалпы суммасы 1,4 млн сомду түзүүдɵ.
                                                                АЙЫЛ   ЧАРБА ТАРМАГЫ 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын                              9-февралындагы №25 «Кыргыз Республикасынын агроѳнѳр жай комплексин ѳнүктүрүү боюнча чаралар жѳнүндѳгү» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «2019-2023-жылдарга азык-түүлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын бекитүү жѳнүндѳгү» №320 токтомун аткаруу максатында шаардын азык-түүлүк коопсуздугунун негизи катары айыл чарба, тамак-аш кайра иштетүү ѳнѳр жайын, айыл чарба рыногун ѳнүктүрүү, агроѳнѳржай комплексинин экспорттук потенциалын кѳтѳрүү тууралуу иш-чараларды ишке  ашырууда.

          Мал чарбанын негизги продукцияларын өндүрүү темпи мурдагы жылдын денгээлинде калууда. 2023-жылдын жыйынтыгы менен эт (тирүү салмакта) 823,4 (100,4%), сүт 2608,0 т (100,3%), жумуртка 1988,2 миң даана (100,0), жүн 21,6 т. ѳндүрүлдү.

2023-жылга карата “Караван” АБ 250 га кылкандуу дан эгиндери, 185 га картошка, 925 га жашылча, 69 га мѳмѳ-жемиштер, 45 га май ѳсүмдүктѳрү, 6 га бахча ѳсүмдүктѳрү эгилип жыйналган.

Быйылкы жылдын январь-декабрь айларына карата баары болуп 1778 га айдоо аянттарына жазгы эгиндери эгилип жыйналган.

236 га жер аянтынан буудай орулуп, 10643,6 центнер дан жыйналды. 115 га жер аянтынан арпа орулуп, 3220 центнер арпа даны жыйналып алынды. 11 га жер аянтынан 330,0 центнер буурчак, 249,1 га жер аянтынан 37360 центнер картошка казылып алынды. 251,8 га жер аянтынан 56925 центнер жашылча жыйналып, 16,72 га жер аянтынан 3521,3 центнер коон-дарбыз жыйналып алынды. Ошондой эле, 14290 центнер мɵмɵ-жемиштер жыйналып алынды. 194 га аянтка кɵп жылдык  чɵптɵр эгилди.        

                                    Мамлекеттик кайра болуштуруу  фондунун  жерлери боюнча

Мамлекеттик кайра болүштүрүү фондунун (КБФ) -326 га айдоо жерди түзүп анын ичинен  233 га сулуу, 93 га кайрак.  Сулуудан – 233 га, кайрактан 93 га жер  ижарага берилген, андан түшкѳн ижара салыгы  2023-жылдын 12 ай ичинде  579858 сомду түздү. 

          Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы дыйкандарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген 6 % жеңилдетилген шарттагы насыялар “Айыл Банк” жана “РСК” банктарынын шаардагы филиалдары аркылуу 62 дыйкан, фермерге – 28,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

 “Караван” аймактык башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 12 ай ичинде  жергиликтүү                                                бюджетинин эсебинен  аткарылган  жумуштар

          “Караван” аймактык башкармалыгына аймактык башкармалыктын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу, калкка сапаттуу кызмат кɵрсɵтүү максатында 2023-жылга карата жергиликтүү бюджет эсебинен 22,0 млн    сом акча каражаты ажыратылып берилген. Ошондой эле кошумча                         иш-чараларды аткаруу үчүн 4,7 млн сом акча каражаты бөүнүп жаалпы           26,7 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Анын негизинде                 2023-жылдын 12 ай ичинде тɵмɵнкү иш-чаралар аткарууга алынган:    

  • Жин-Жиген айылындагы №1979 скважинаны калыбына келтирүү максатында скважинаны  тазалоо  жумуштарды аткарылып — 1 135 500  сом акча каражаты жумшалды;
  • Жин-Жиген айылындагы №1979  скважинага  электр  линиясын  орнотулуп – 451139 сом акча каражаты жумшалган;
  • Жин-Жиген айылынын  көчөлөрүнө  шагал төшөө жумуштары аткарылып,  185150 сом акча каражаты жумшалды;
  • Жин-Жиген айылынын Достук көчөсүнөн өтүүчү көпүрөнү оңдоп түзөө иштерине 99004 сом акча каражаты жумшалды;
  • Жин-Жиген айылынын Достук көчөсүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик сатып алуулар порталына тенлер жарыяланып “Аист строй” ЖЧКсы 1127358 сомго жеңүүчү болуп табылды. Жумуштар башталуу алдында турат;
  • “Иззат” дыйкан чарбасынын 6 км  электр  линиясын сатып алуу  боюнча иш чаралар  жүргүзүлүп,   электр линиясын сатып алуу  боюнча келишимге кол коюлуп — 3 072 322  сомго сатып алынды;
  • Караван айылындагы жаңы конушта жайгашкан Шор участкасынын жашоочуларын таза  суу менен камсыз кылуу максатында скважинаны ондоп түзөп электро линияларын куруп жана  электр трансформаторун орнотуп, суу түтүктөрү тартылып  пайдаланууга берилди. Жалпы жумуштардын баасы 4 448 000 сомду түздү;
  • Караван көлүнүн (БСР) суу чыгаруучу дарбазасын (шлюздарды) оңдоп түзөтүлүп, жалпы баасы 295485 сомду түзгɵн;
  • Караван айылынын  Усенбаев  жана Алимбаев  көчөлөрүнө  асфальт төшөө  жумуштарын аткарууга жана проектик-сметалык документтерин  даярдоо үчүн  3 939 000  сом акча каражаты жумшалды;
  • Караван айылынын  Куренкеев  көчөсүн  асфальт  төшөөгө жана проектик-сметалык документтерди даярдоого 1 681 887 сом акча каражаты жумшалды; 
  • Ак-Булак айылынын Орто-Кыштак  көчөсүнө  асфальт  төшөө  жумуштарын  аткаруу  үчүн  2 310 555 сомго  жумуштар аткарылды;
  • Ак-Булак айылынын Нак-Бак көчөсүнө электр  линиясын орнотууга  930854 сомго   жумуштар  аткарылды;
  • Ак-Булак айылынын  Кулатов  көчөсүнөн  Карбышов  көчөсүнө  чейинки  аралыкта  таза суу  куурларын   орнотуу  жумуштарына  694835  сом акча каражаты жумшалды; 
  • Ак-Булак айылынын    Карбышов  көчөсүнө    таза суу  курларын   орнотуу  898008  сом акча каражаты жумшалды;
  • Ак-Булак айылынын  Күнгөй  участкасын  электр линиясын  орнотуу үчүн  кошумча жумуштарды аткаруу үчүн  169096  сом акча каражаты жумшалды; 
  • Ак-Булак айылында  курулуп жаткан  спортзалдын тамын  жабуу  үчүн  1 299 292сом акча каражаты жумшалды;
  • Ак-Булак айылынын Орто-Кыштак көчөсүнө КТП-160 кВа жана электр линиясын орнотуу үчүн 990793 сомго  жумуштар  аткарылды;
  • Ак-Булак айылынын көчөлөрүнө таза суу курларын орнотуу  үчүн  керектүү  материалдарды сатып алуу 463100  сомго  материалдар сатып  алынды;
  • Ак-Булак айылынын Каримберди участкасындагы скважинаны реабилитациядан өткөрүү 1 000 000  сомго  жумуштар аткарылды;
  • Ак-Булак айылынын  көчөлөрүнө  орнотулган  таза суу  курларын   борбордук  линияга туташуу  үчүн  МП  “Кызыл-Кыя  Сууканал”  менен  347 554  сомго келишим түзүлүп,  жумуштар  аткарылууда.
  • Ак-Булак айылынын  Механизатор  көчөсүнө  175  метр аралыкка  асфальт төшөө үчүн 1 114 000  сом акча каражаты жумшалды;
  • Караван айылындагы М.Сартбаева көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн (тратуар) курууга жана долбоордук-сметалык (ПСД) иш кагаздарын даярдоого долбоордун жалпы суммасы 1 968 090 сомду түзүп, жумуштар аткарылууда;
  • Караван айылындагы Мажакыпова, Раззаков жана Озерная көчөлөрүнө элетр линиялар тартылып, трансформаторлор орнотулуп пайдаланууга берилди. Жалпы баасы 1 230 000 сомду түздү;
  • Жаңы конуштарга таза ичүүчу суу менен камсыз кылуу максатында дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы узундугу 3км 200 метр узундуктагы суу түтүкчөлөрдүн 1 км 550 метр аралыктагы суу түтүкчөлөрү төлүгү менен алмаштырылды. Жалпы баасы 4 500 000 сомду түзгɵн.
  • Шаарыбыздын жана Караван айылынын жашоочуларына ден-соолугун чындоого ошондой эле, элдин коопсуздугун сактоо максатында 2,2 км аралыкта Кызыл-Кыя–Караван веложолу түнкү жарыткычтары менен курулуп, элдерге дем алууга шарттар түзүлүп спорт менен машыкканга мүмкүнчүлүк түзүлдү;
  • Караван айылынын Куренкеев көчөсүнүн  жашоочулары  өздөрүнүн  жеке каражаттарынын эсебинен  330 метр аралыктагы көчөгө  асфальт төшөө  жумуштары аткарылды;
  • Караван айылынын Новая көчөсүнө жеке ишкер Мааткалыков  Каландар  жеке каражатынын эсебинен 200 метр аралыктагы көчөгө асфальт  төшөө  жумуштарын аткарылган.
Кызыл-Кыя шаарынын экономика тармактарын жана калкын          2023/2024-жылдын                                            күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча  маалымат                                                                            

Кызыл-Кыя шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 29-апрелиндеги №160-б сандуу буйругу кабыл алынып,  шаардык штаб курамы бекитилди. Кызыл-Кыя шаарынын экономика тармактарын жана калкын    2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча шаардык штаб курамы тарабынан тармактар тийиштүү аткарылуучу иш-чаралар планы түзүлүп, анын негизинде жумуштар аткарууга алынган.

                                                                Саламаттыкты сактоо тармагы

Кызыл-Кыя шаардык Жалпы даарыгерлер практикалык борборуна караштуу оорукана бɵлүмдɵрү жана балдар бөлүмү шаардык жылытуу системасы аркылуу жылытылат.

Төрөт үйү, психонервологиялык жана Караван айылындагы бөлүмдөрү көмүр менен жылытылат. 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата аймактык ооруканага 320 тонна көмүр керектелет. ϴткɵн жылдан калдык 34 тн кɵмүр бар. 2023-жылдын 22-июнунда тендер ɵткɵрүлүп, келишим түзүлүп,бүгүнкү күндө 320 тонна көмүр ташылды. Котельныйларда иштеген от жагуучулар баары атайын окуудан өткөрүлдү. Жалпы даарыгерлер практикалык борборунун бөлүмдөрүнө кошумча желдеткичтер орнотулду, генераторлор менен камсыздалды.

 

                                                         Билим  берүү  тармагы

 Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жалпы 13 мектеп анын ичинен                     10 орто мектеп, 2 толук эмес орто мектеп, 1 башталгыч мектеби жана 14 бала бакчасы бар. 

Керектелүүчү көмүрдүн көлөмү жалпы  1189 тонна керектелет. ϴткɵн жылдан калдык кɵмʏр 72,5 тн. Быйылкы күз-кыш мезгилине керектелүүчү кɵмүрдүн кɵлɵмʏ 1116,5 тн

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, келишимдер түзүлүп, көмүр толугу менен ташылып келинген.

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын октябрь айында 8 млн 934 миң 900 сом акча каражаты мектептерди күз-кыш мезгилине карата даярдоо үчүн бөлүнүп берилген. Бөлүнүп берилген  акча каражаттарынын эсебинен төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • №7 Т.Иметов атындагы орто мектебинин жылытуусун электрэнергиядан көмүргө өткөрүү үчүн откана курулуп жатат, бүгүнкү күндө курулуш жумуштары 90% бүттү;
  • №3 У.Салиева атындагы башталгыч мектебине, №10 Гайдар  атындагы орто мектебине, №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебине отказан алып берүү үчүн тендер жарыяланып, жаңы отказандар орнотулуп иштеп жатат;
  • №11 М.Куренкеев атындагы орто мектебинин ички жылытуу системасы толугу менен жаңыланды;
  • №6 Токтогул атындагы орто мектебине кошумча отказан алып берүү үчүн келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат;
  • №10 “Теремок” бала бакчасынын бир корпусунун ички жылытуу системасы толугу менен жаңыланды;
  • №7”Байчечекей” бала бакчасынын электромонтажы толугу менен жаңыланды;
  • №22 “Чабалекей”бала бакчасына откана көмүр сактоочу жай курулду;
  • №1 “Айданек” бала бакчасына ички ажааткана курулуп,канализация орнотулду;
  • №11 «Баластан» бала бакчасынын ички жылытуу системасы оңдоо-түзөөдөн өткөрүлүп,кошумча батарейлер коюлду.

“Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү борбору” мекемеси тарабынан билим берүү мекемелеринин 36 кочегарлары атайын окутуулардан өтүп, атайын күбөлүкө ээ болду.

 

                       Кызыл-Кыя шаардык борбордук жылытуу тармагы аркылуу (ТЭЦ):

        2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иштери белгиленген пландын негизинде аткарылууда. От казандарын ремонттоо иштери жана жылуулук борборунун жабдууларын ремонттоо иштери жʏргʏзʏлдү. Быйылкы 2023-2024-жылдын кʏз-кыш мезгилине карата 7000 тн кɵмүр керектелет. График боюнча кɵмүрдү ташып келʏʏ: сентярь-октябрь-ноябрь айларында жүргүзүлгөн. Учурда 7000 тн көмүр ташылып келинип 100% камсыздалган.

          Кызыл-Кыя шаарынын калкын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча шаар калкына 8000 тн кɵмүр керектелет. Бүгүнкү күнгө карата 6850 тонна көмүр менен камсыздалды. 

        Шаар аймагында кɵмүр сатуучу 3 топ база бар. Бүгүнкү күндɵ, борбордук “Таштемир ажы” базарында жайгашкан топ базада кɵмүр сатылууда. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаар аймагында эки Муниципалдык топ база түзүлдү. Караван аймагында Кыпчаков көчөсүндө №8 кесиптик лицейдин аймагында, Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев кочөсүндɵгү №127 дарегинде топ база түзүлүп, Сүлүктү шаарындагы кɵмүр ɵндүрүүчүлɵр менен келишимдер түзүлүп, кɵмүр алынып келинип сатуу уюштурулду. Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы кɵмүр ɵндүрүүчүлɵр менен макулдашылып, ортомчусуз, кɵмүр ɵндүргɵн жердеги баада сатуу уюштурулду.

        Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиева көчөсүндɵгү №127 дарегиндеги топ базасында “Кыргыз-Көмүр” ишканасы тарабынан арзандатылган баада шаар калкына көмүр сатуу уюштурулду.

        Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы аз камсыз болгон жакыр үй-бүлɵлɵрдү күз-кыш мезгилине карата кɵмүр отун менен камсыз кылуу максатында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан жергилкитүү бюджет эсебинен 400,0 миң сом акча каражаты бɵлүнүп, 200 үй-бүлɵгɵ кɵмүр отуну камсыздалды.     

 

Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди инвентаризациялоо менен мыйзамсыз түрдө курулган жана курулуп жаткан курулуштарды аныктап, жыйынтыгында мыйзам бузууларга карата тийиштүү чараларды көрүү менен мындан ары мыйзам бузуучулуктарга жол бербөө максатында алдын алуу   иш-чаралары жөнүндө 2023-жылдын 12 ай ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 08-апрелиндеги №109 жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгын аткаруу максатында, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2023-жылдын                       25-мартындагы №110-б Буйругун жана Баткен областынын укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешинин 2023-жылдын 2-чейрегиндеги отурумунун №2/1-23 чечиминин 3-пунктундагы тапшырмасын негизинде, Кызыл-Кыя шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан өзүм билемдик менен жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган 53 обьектке изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен 15 факты катталып, обьектер үстүндө иш алып барылды.

 Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймагындагы өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди аныктоо боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 24-августундагы чечиминин негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2023-жылдын 25-августундагы №02-6/1597 сандуу жана  2023-жылдын 13-сентябрындагы №248 сандуу, Кызыл-Кыя шаарынын Ленин, А. Султанов, А. Масалиев жана Чехов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн алдындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарын өз алдынча тосуп, ар кандай курулган курулмаларды куруп, тосуп алган  15 жарандын күбөлөндүрүүчү документтери бар же жок экендиги  боюнча кат жөнөтүлүп, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя филиалы тарабынан  такталган.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан, Кызыл-Кыя шаарынын Ленин, А.Султанов, А.Масалиев жана Чехов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн алдындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарын өз алдынча тосуп, ар кандай курулган курулмаларды куруп, тосуп алган  жарандарга курулган курулмаларды бузуп жерди баштапкы калыбына келтирүү үчүн 15 жаранга 2 (эки) ирет 2023-жылдын 13-сентябрында№02-6/1690 сандуу,  2023-жылдын 19-сентябрынадгы №02-6/1762 сандуу эскертүүлөр берилген.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилген эскертүүлөрдүн негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын  Султанов көчөсүнүн №9-13 үйүнүн жашоочусу М. Таштанов өз ыктяры менен мыйзамсыз курулган курулмаларын бузуп алынгандыгы боюнча акт түзүлгөн.

Кызыл-Кыя шаардык сотуна мыйзамсыз ээлеп алган жер тилкесиндеги курулган курулмаларды  (дубалдарын) мажбур түрүндө бузуп алдыруу боюнча 2023-жылдын 22-сентябрында №255 сандуу доо арыз берилген. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаардык сотунун кароосунда турат.

            Мындан сырткары 2023-жылдын 9-октябрында №02-08/561 сандуу катына негиз Кызыл-Кыя шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча 36 обьект аныкталып, 2023-жылдын 17-октябрында Кызыл-Кыя шаарынын административдик аймагындагы өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралып, тиешелүү мекеме-иш каналарга мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырмасы коюлган. Аталган обьектилерге 3 ирет 2023-жылдын  16,23,30-октябрында мыйзамсыз курулуш куруп алган обьект ээлерине эскертүүлөр берилди. Кызыл-Кыя шаардык сотуна  мыйзамсыз ээлеп алган жер тилкесиндеги курулган курулмаларды (дубалдарын) мажбур түрүндө бузуп алдыруу боюнча   2023-жылдын 9-ноябрында №288 жана 289 сандуу доо арыз берилген. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаардык сотунун кароосунда турат.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын  23-ноябрындагы №02-08/643 сандуу катында  көрсөтүлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн алдындагы жалпы пайдалануудагы жер аянттарын өз алдынча тосуп, ар кандай курулган курулмаларды куруп, тосуп алган 10 обьект  аныкталып,  уруксат кагаздары жок мыйзамсыз тосуп алган 10 обьекттин мүлк ээлери ким экендиги боюнча тактоо үчүн Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Кызыл-Кыя шаардык филиалына 2023-жылдын 28-ноябрындагы №02-6/2330 сандуу  кат жөнөтүлүп, учурда тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

2023-жылдын 4-7-декабрында жогоруда көрсөтүлгөн обьектердин керектелүүчү иш кагаздары жетишсиз болгондуктан жалпы 48 документтер толуктоо үчүн кайтарылып, 2023-жылдын 29-декабрында кемчилдиктерди жоюп, иш кагаздары толукталып 21 мыйзамсыз курулуш куруп алган обьектердин иш кагаздары кайрадан соттун кароосуна өткөрүлдү. Учурда соттун кароосунда турат. Калган 27 уруксат кагаздары жок мыйзамсыз курулуш куруп алган обьекттердин жетишсиз болгон иш кагаздары такталууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын                                            жүргүзүү боюнча аткарылган жумуштар

          2024-жылдын 15-январына карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жер мунапысы боюнча жерледи мыйзамдаштырып берүү үчүн арыз менен 149 жаран кайрылган.

 

          Тиешелүү документтери жыйналып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун  негизинде түзүлгөн Кызыл-Кыя шаарында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилип, каралды.

 

         Комиссиянын кароосунун жыйынтыгында 34 арыз жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого негиз жер мунапыс объектисине дал келбегендиктен канаттандыруусуз калтырылды.

 

5 арыз боюнча комиссиянын кароосунан ɵтүп токтом долбоору даярдалууда.

14 арыз Кызыл-Кыя шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына корутунду даярдоо үчүн ɵткɵрүлүп берилди.

 

27 арыз Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын корутунду алгандан кийин корутундунун негизинде комиссияда каралат.

 

10 арыз боюнча керектүү документтери толукталгандан кийин кийинки комиссиянын каросунда каралат.

 

59 арыз боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан токтом даярдалып, Жер ресурстары кызматынын Кызыл-Кыя филиалына өткөрүлүп берилип, бүгүнкү күндө 35 даана Мамлекеттик акт даярдалып арыз ээлерине берилди. Ал эми 24 арыз боюнча Мамлекеттик акт даярдалып, жакынкы күндɵрү арыз ээлерине тапшырылат.