Coat_of_arms_of_Kyzyl-Kiya-1 (1)

Кызыл-Кыя шаарынын тарыхы

Урматтуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары жана коноктору!

Кызыл-Кыядагы таш көмүр кенинин ачылганын официалдуу ырастоо менен шаардын пайдубалы түптөлгөн мезгилдин башаты катары эсептелип калган. Кызыл-Кыя шаарынын тарыхы көмүр кени менен шартталганы табыгый көрүнүш. Шаардын каны, жаны, жаңы түспөлү, өткөнү менен бүгүнкүсү, келечеги да түпкүрүндө жатып жашоого нур төккөн, жулуулук, кубат берген керемет байлыгына байланыштуу болуп келген.

Республикабыздагы эң жаш, байманалуу Баткен облусундагы жаралуу тарыхы өткөн XIX кылымдын аяк чендерине туура келген, өлкөбүздүн түштүгүндөгү кылым каарытып, 123 жылдык тарыхы бар ири шаарлардын бири болгон Кызыл-Кыя шаары Советтер Союзу мезгилинде өнөр жайынын отуну болгон кара алтынды өндүрүүдө эң жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылып,   республиканын өнөр жайынын өсүп өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген. 

Союз убактысында шаардын дүң продукциясынын 55%ын көмүр казып алуу тармагы түзүп, жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, «Алай» машина куруу заводу, бут кийим тигүүчү фабрикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, консерва заводу ж.б. иштеп келген.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүкө ээ болуп, катаал болгон өткөөл мезгилди башынан кечирген кезде, Кызыл-Кыя шаарынын эли биримдикте, ынтымакта болуп, кыйын мезгилди сабырдуулук, чечкиндүүлүк менен жеңип, кайратмандык менен эмгектенип, шаарды республикабыздагы өнүккөн, алдыңкы шаарлардын катарында болушуна өздөрүнүн салымдарын кошуп келишүүдө.

Кызыл-Кыя бүгүнкү күндө дагы өнөр жайы, инфраструктурасы өнүккөн, социалдык-маданий обөектилери калыбына келтирилип, жаңылары курулуп жаткан маданий борборго айланып жаткан шаар.

Шаардын жана шаарга кошуналаш айылдардан чыккан залкарларды эскерүү, алардын басып өткөн жолдорун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү максатында өткөн 2017-жылы шаарга караштуу Караван айылында “Баатырлар аллеясы” ачылды. Жакында шаардын борбордук маданият үйүнүн аймагына акын, аалым «Туяк» ырчынын эстелиги орнотулду. Кийинки жылдарга шаарыбыздан чыккан атактуу спортсмен, киноактер Талгат Нигматуллиндин эстелигин орнотуу пландаштырылууда.

 Атак-даңкы алыска кеткен мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Төрөбай Кулатов, Абсамат Масалиевдер, Абдуваит Тажибаевдер жана башкалар Кызыл-Кыя шаарыбыздан билим алышкан. Ошондой эле милициянын генерал-майору Мурзали Абдырахманов дагы шаарыбыздан билим алган.

Шаарыбыздан Сатыбалды Алтымышов, Муса Абдувалиев, Евгений Чернышев, Кыпчаков Абдулла, Алимбаев Пакырдин, Абжалиев Пазыл жана Мажакыпов Тажибай сыяктуу Советтер Союзунун Социалдистик Эмгектин Баатырлары чыккан.                                                   

Кызыл-Кыя шаарынын байлыгы–бул анын көп улуттуу калкы. Шаарыбызда жыйырмадан ашык улуттар жашайт. Шаардын көп улуттуу калкы ынтымакта жана биримдикте бир туугандай болуп жашап келишүүдө.

Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей, шаарыбыздын экономикасы жылдан жылга көтөрүлүп, элдин турмуш деңгээли жогорулап жатат.

Шаарыбыздын тургуну, эмгектин ардагери жана шаардын ардактуу жараны, көп жылдар бою нефти өндүрүү тармагында, акыркы жылдарды Кочкор-Ата шаарында нефти өндүрүү бирикмесинин башкы директору кызматында иштеп ардактуу эс алууга чыккан, маркум Калбаев Таштемир тарабынан шаардын борбордук базары болгон «Айбек базары» курулушу бүткөрүлүп, шаардын 100 жылдык мааракесине пайдаланууга берилген. Шаар бийлиги муниципалдык базар ачуунун үстүндө иш алып барууда..

Кызыл–Кыя шаарында 2005-жылы курулушу башталып, 2009-жылдан баштап иштей баштаган өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң тонна курулуш цементин чыгаруучу цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому иштеп жатат. Шаарда чет элдик инвесторлордун каржылоосунда “Ыйман” комплексинин, шаардын аярлуу үйү жок муктаж  жарандары үчүн 5 батирлүү 5 социалдык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен шаар жолдоруна асфаль төшөө, көчөлөрдү түнкү жарык менен жарытуу, жолдорду оңдоп түзөө, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Келечек ээлери болгон жаш муундарды тарбиялоону жакшыртуу максатында күз айларында И.Жусубалиев атындагы көчөдө 120 орундуу дагы бир балдар бакчасы пайдаланууга берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы менен шаардын БАМ участкасына 1070 орундуу мектептин курулушу башталат.

Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын (ЕБРР) каржылоосунда шаар калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну түп тамырынан жакшыртуу максатында шаарда чоң долбоор башталган. Бул банктан алынуучу насыялык жана гранттык каражаттардын эсебинен шаардын суу берүүчү ички түтүктөрү алмаштырылат.

Шаарыбыз өнөр жайы, инфраструктурасы өнүккөн, кен байлыктары бар, инвесторлор үчүн жагымдуу климаты бар шаар.

Сиздерди  сүйүктүү шаарыбыздын 123 жылдык мааракеси менен шаардын мэриясынын, шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктап, сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, берекелүү ырыскы, үй бүлөөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди каалап, дайыма оомат коштоп, бейпил турмуш кечире беришиңиздерге тилектеш экендигимди билдирип кетемин.

Сиздерди терең урматтоо менен,
Кызыл-Кыя шаарынын мэри.
                                                                     А.Маткалыков   

 

Кызыл-Кыя шаарынын түптѳлүүсүндѳгү тарыхы

kyzyl-kiya

Кызыл-Кыя шаары ѳзүнүн тарыхын 1898-жылдан бери баштайт. Орус инженери Михайлов тарабынан  изилдѳѳлѳрдүн негизинде биринчи кѳмүр кени ачылып шаар түптѳлѳ баштаган.  1913-жылы шаардын аймагында жайгашкан кѳмүр кендеринде 700 жакын жумушчулар эмгектенип келген жана 2913 пуд. кѳмүр ѳндүрүлгѳн.

1909-жылы Кызыл-Кыя жана Скобелев (Фергана) шаарларын байланыштырган темир жолу пайдаланууга берилди.

Кыргызстанда социал-демократтардын алгачкы ячейкалары Кызыл-Кыя шаарында уюшулган. Бул кыймылды жандандыруу үчүн шаарга                        1905-1907-жылдардагы биринчи орус революциянын катышуучулары И.И.Едренкин, Л.Г.Солнышко жана башкалар келген.

Кыргызстанда алгачкы эл депутаттарынын Совети Кызыл-Кыя шаарында 1917-жылдын март айында түзүлгѳн. Ушул эле жылдын ноябрь айында шаардагы бийлик толук бойдон Советтин колуна ѳткѳн. Кийинчерээк, революцияны коргоо максатында И.Едренкин жана Л.Солнышко баш болгон курамында 130 кызыл аскери бар куралчан отряд түзүлгѳн.

Кызыл-Кыя шаарынын шахтерлору, бардык жумушчулары ѳндүрүштүн татаал шарттарына карабастан Совет бийлигинин орнотулушунун алгачкы күндѳрүнѳн баштап кѳмүрдү коюлган тапшырмалардан ашыгы менен ѳндүрүп, жогорку кѳрсѳткүчтѳрдү жаратып келди.

Фергана ѳрѳѳнү, Казахстандын түшкү аймактары Кызыл-Кыянын  кѳмүрү менен толук камсыз болуп турган.

1938-жылы «Жин-Жиген» шахтасы ачылып, Кызыл-Кыяга шаардын статусу ыйгарылган.

1941-1945 жылы шаардын тургундары бүткүл Совет элиндей «Бардыгы фронт үчүн-бардыгы Жеңиш үчүн» деген ураандын астында кеңири орун алган элдик кыймылды колдоп эмгектеништи. Шаардын жүздѳгѳн эр азаматтары Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алардын айрымдары согуштун кандуу талааларынан кайтып келген жок. Алардын Ата – Мекенди коргоо үчүн  кѳрсѳткѳн эрдиктери элдин жүрѳгүндѳ дайыма сакталууда.

Согуш жылдары шаардын бардык эмгекчилери, айрыкча шахтерлѳр эмгек күжүрмѳндүүлүгүн кѳрсѳтүшүп, берилген план-тапшырмылырды ашыгы менен аткарып келишти.

Кызылкыялыктардын жана жердештерибиздин эстеринде 1977-жылдын 1-июну эч качан унутулбайт. Бул күнү шаарга каттуу нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын кесепетинен шаарга сел түшүп, кѳптѳгѳн кѳпүрѳѳлѳр, турак жай, жолдор, коммуникациялар жараксыз абалга келип, жалпы эсеп менен зыянга учураган чыгымдар 42 млн. рублди түздү.

Кетирилген зыянды калыбына келтирүү жана инфраструктураны оңдоп-түзѳѳгѳ кызылкыялыктарга жардамга бүткүл ѳлкѳ жардам берип, кыска мѳѳнѳтѳ кѳптѳгѳн алгылыктуу жумуштур аткарылды. Ушул эле жылы 17,4 миң кв.м.турак жай пайдаланууга берилди. Шаардын бош аймагында «БАМ» аттуу жаңы турак жай конушу пайда болду. Ал эми 1 МКР жаңы конушу курулуш эрежелеринин алдынкы ыкмалары, ѳлкѳбүздүн аймактарынан келген куруучулардын жардамдары менен  бүткѳрүлүп пайдаланууга берилди.

Кызыл-Кыя Баткен областына караштуу Кичи-Алай кырка тоолорунун деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан. Шаарда 1901-жылы темир жолу салынган. Шаардын дүң продукциясынын 55%тин көмүр казып алынуучу эски борборлорунун бири. Союз убактысында жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, «Алай» аскердик техника заводу, бут кийим тигүүчу фаврикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, цемент чыгаруучу завод, консервация заводу ж.б. иштейт. Азыркы күнгө чейин ЖОЖлар, бала-бакчалар, 2 кесиптик окуу жайы, тоо-кен кесиптик тех.окуу жайы,медицина окуу жайы, шаардык оорукана, шаардык маданият үйү, дем алуу паркы, музей, басмакана ж.б. иштеп келет.

XX-кылымга жаңырарга аз калганда француз табышкерлер Шотт (муну кыргыздар Чотбай деп атап алышкан) менен Фосс 1901-жылы Кызыл-Кыядагы бир нече чакырым жерде жайгашкан Жин-Жиген кенин, кийинчерээк Фосс өз алдынча Жал деген жердеги кенге ээлик кылышкан. 1906-жылы Жалдын бир тарабынан орус ишкери Ракитин жаңы кен ачат. Француздардын ачкан шахтасы көп өтпөй суу астында калган. Кенди Н.Батюшковко сатышкан. Батюшков жаңы техникаларды алып келип кайра кенди иштете баштаган. Ошол эле 1908-жылы ал бис 1:1 жана бис 44 деген эки шахта ачып көмүр казууну тез жана сапаттуу кылып өндүрө баштаган. Андан соң ал Түркстандын генерал-губернаторуна көмүр кендеринен Скобелев (Фергана) шаарына чейин темир жол салуу өтүнүчү менен кайрылган. 1909-жылы курулган кууш темир жолдун узундугу 35 чакырымга барабар болуптур. Бул техникалык чоң жетишкендик эле. Себеби буга чейин көмүрдү Ферганага ат-арабаларда жеткиришип кыйналышкан эле.

Ошентип, 1909-1910-жылдардын кышында темир жол аркылуу 600миң пуд таш көмүр ташылып, кен казып алуу кыйла арбыды. Шахтерлор «шайтан» чырак менен көмүр казышкан. Шахтерлор учун көмүр казуу өтө эле оор иш бойдон кала берген. Себеби жыгачтын, темирлердин кымбатыгын шылтоолоп, түркүктөрдү аз коюшкан, бул кен казуучулар учун оор эле. Ошондуктан кырсык көп болгон, кен урап кеткен, аба жетпей калган, газ алып калган, ж.б. 1911-жылы 58 чоң кырсык катталган.

Кен ээлери кен казып өлгөн шахтерлордун үй бүлөсүнө, жетим балдарды көрмөксөнгө салып келишкен.

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук кочолорунун биринде Т. Кулатов атындагы тарыхый музей бар. Экспонаттары кыйла бай. Оз шаарынын откону, тарыхы, маданияты, саясый, экономикалык абалдарын толугураак чагылдырып, Кыргызстандын туштугундо гана эмес, бутундой Фергана ороонундогу эсте каларлык, кайталангыз окуялардын куболорун чогултууга болгон аракет ачык сезилет.

Шаарда дагы бир, уникалдуу музей бар. Ал «Кызыл-Кыя» комур кенинде, тагыраак айтканда башкармалыгынын имаратында жайгашкан. Ошол мезгилдеги жетекчи Борис Андрианович Прокофьев Егорович эле комок корсотуп, колдоп берген деп эскерет Владимир Егорович Рожков. Владимир Егорович Рожков ал кезде кен ылгоочу болуп иштеген экен. Бул киши Кен тармагынын кызыкчылыгы менен жашап келген. Ошондуктан бир болмону болдуруп алып Кендин тарыхы учун материал чогулта башталган.

Рожков музей жонундо томонкудой эскерет. «Алгач громаталарды, мактоо баракчаларды чогултум. Мыкты шахтерлордун, омурлорун, эмгектерин чагылдырган документтер, суроттор акырындап чогула баштады. Музейдин коркун чыгарган сурот стендтерди тузо баштаганда шаарды туро кыдырып мурда иштеп кеткен шахтерлордун уйлорундо сакталып калган суротторун алып журдум. Бироолор суйунуп сыймыктанып берет, бироосу бербейм атамдын бир даана суроту бар дегендер да болду» деп эскерет. Согуштан кийин кочолорго атала баштады. Кочолорго улуу адамдардын аттары коюла баштады.

АТАКТУУ ШАХТЁРЛОР

Т.Кулатов, Владимир Егорович Рожков, Анатолий Александрович Епишев, Рамонжон Ташматов, Эрмек Абдуллаев, Мамасали Шакиев, Акмат Сайбидинов, Николай Тихонович Солошенко, Жусуп Садыков Алтымыш Сатывалдиев, Муса Абдувалиев, Можоев Георгий Никитович, А. Сайбединов Осмон Холматов,

Шаардын маданий тармактарынын «бутак» алышы, катал тарткан отузунчу жылдардан арылап кетет. — 1928-жылы Кызыл-Кыяда алгачкылардан болуп кенчилердин клубу ачылган. — 1930-жылы кенчилердин аймагы текши радиолоштурулган. Радио точкалары жумушчулардын уйлорундо да орнотулган. — 1932-жылы «Шахтер» радио-газетасы иштей баштаган. — 1931-жылы август айында Кен башкармасынын «За уголь», ал эми 1932-жылдан баштап «комур учун» газеттери чыгарыла баштаган. — Кызыл-Кыялык инсан Гулмат Алматовдун шаардык маданий тармагынын осуп-онугушуно кошкон ургаалдуу салымы жонундо азыркы кундо да урмат-сый менен эскеришет. Гулмат карыя 1932-жылы эки кабат уйун акысыз шахтерлордун эс алуу жайы – профилакториясына айландырган. Кийинчерээк ал бак-шактуу кооз жай пионер лагерине, ал эми 1947-жылдан баштап шаардын маданий эс алуу жайына айландырып, ага 1997-жылы Модо Гулмат акенин ысмы ыйгарылган. — 1939-жылы, кайраткер шахтерлордун кун санап осуп келе жаткан рухий таламын канааттандыруу максатында шаардагы эн кооз имарат – шахтерлордун маданий Сарайы иштетууго берилген. Шахтерлордун бул маданият Сарайы шаардыктардын чыныгы маданий борборуна айланган. Мында ар жылы маданий жана спорттук секциялар да узгултуксуз иштиктуу откорулуп келген. — 1951-жылы борбордук китепканасы ачылган. Борбордук китепкана сиситемасынын китеп фонду 162 мин нусканы тузуп, ал 1990-жылы 26151 мин нускага жеткен. 2011-жылы 141045 нуска китеп фонду бар. Ошондой эле 26.400 сомго борбордук китепкана учун 1 компьютер жана 1 принтер алынды. Китепкана кызматкерлери республикалык, областык, шаардык денгээлде откорулуп туруучу семинар-тренингдерге катышып турушат. Ошондой тренингдердин бири 2010 жылдын 2-ноябрынан 5-ноябрына чейин Бишкек шаарында АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен АЙРЕКС ишке ашырып жаткан «Билим беруудогу заманбап технологиялар» программасынын уюштуруусунда отту. Бул тренинге борбордук китепканадан 3 китепканачы катышып келишти жана натыйжада 6 компьютер, вебкамера, цифровой фотоаппарат, проектор, принтер, сканер, ксерокопия берилди .Ошондой эле Интернет байланышына туташтырылып 1жылдык моонотко пайдаланууга берилди. Азыркы учурда борбордук китепкананын алдында «Китепкана-Интернет маалымат булагы» ачылып, ийгиликтуу иштеп жатат. — 1954-жылы МТС заводунун клубу пайдаланууга берилген. — 1961-жылы «Дружба» кинотеатры ачылган. — 1968-жылы «Заря» кинотеатры ачылган. — 1974-жылы музейде 2360 экспанат катталып ачылышы болгон. — 1976-жылы 9-май Жениш кунуно ардегерлердин хору уюштурулган жана алгачкы концерттерин беришкен. — 1977-жылы шаарда «Баатыр энелердин» фольклордук-этнографиялык «Рахат» — деп аталган ыр-бий ансамбли да уюшулган.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР СТАТУСУ

Кызыл-Кыяга шаар статусу 1938-жылы берилген. Анын аянты – 0,02мин чарчы км. Шаар коп улутуу – 50дон ашуун улуттун окулдору жашашкан.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫ ЖЕТЕКТЕП КЕЛГЕН ЖЕТЕКЧИЛЕР

Анатолий Михайлович Малов, Ильяс Жусубалиевич Жусубалиев, Давыдов Николой Петрович, Каримшер Абдумомунович Абдумомунович, Исмаил Исакович Масаитов, Жумабеков Болотбек Жекшенович, Жунусов А.А., Абдивасиев М.Н, Анарбаев А., Халмуразаев Абиш Алыбаевич 2011-жылдан 2016-жылдын 13-июлуна чейин мэр болуп кызматта турган. 2016-жылдын 2-августунда шаардын мэри катары Топчубаев Эрмек Асанович шайланган.

ШААРДЫК САЛАМАТТЫК САКТООНУН ОНУГУУСУ

Кызыл-Кыя ооруканасынын тарыхы 1918-жылдан башталат. Ушул жылы ал жерде кичиникей амбулатория ачылып, анда 1 фельдшер жана ага комоктошкон медкызматкерлер иштешкен. 1921-жылдын аягында 1922-жылдын башында жумушчулардын жана, дыйкандардын жана солдаттардын Кызыл-Кыя райондук Совети 20 койкалуу оорукананы ачуу туурасында чечим кабыл алынат. Алгачкы врач Сухини деген врач болгон. 1926-жылы ооруканадагы койканын саны 35ке жетет. 1932-жылы 100го андан кийин 200го жеткен. 1932-жылы жубай врачтар Капытиндер келишип эмгектенишет. Адистештирилген меджардамдар, жугуштуу оорулар, терапевтик, акушер-генекологдук болумдору ачылат. Тез жардам учун 1 ат араба берилген. КММИде коп жылдар бою иштеген профессор Эгембердиев Зафар Иогамович башкы врач болуп иштеген. Капытина Ангия Александровна орун басары болуп иштеген. Азыркы кундо башкы врач (2011-ж) Жанибеков.